Памирден келген кыргыздардан кабар алышты (фото)

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:12

Нарын облусунун мусулмандар казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордоштор менен жолугушуп, алардын ал абалдары менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага облустук казыяттан Эрик Молдокулов, Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев жана Куланак айылынын имам хатиби Кенжебек Иманов катышып, алар менен казыят, демөөрчүлөр тарабынан уюштурулган дасторкон үстүндө сүйлөшүштү.

Ал эми Памирден келген кыргыз боордоштор ата-бабалар салттуу ислам динин бекем тутунуп келгендигин айтышып, алардын ыкластары бекем болгондугун жашырышкан жок.

Муну менен катар Нарын облусунун мусулмандар казыятынын өкүлдөрү Памирден келген кыргыз боордошторго мамлекет тарабынан абдан катуу көзөмөл жүргүзүлүп, алардын ден-соолук, тазалыктарына өзгөчө көңүл буруп, ал тургай бир маал эне-тил сабагын окутуп жаткандыгына күбө болушкан.

Эскерте кетсек, Памирден Кыргызстанга жалпысы болуп 33 адам көчүрүп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!