Кыргызстанда 31-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз жаан жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Суусамырда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13;
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Баткенде түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5 градуска чейин жогору болот.
Бишкекте 31-октябрда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 7…9, күндүз 23…25 градус болот.