Кырсыктар 900 млн сомдук зыян алып келди

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:23

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда катталган табигый кырсык 900 млн. сомго жакын материалдык зыян алып келди.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлигинин тогуз айдын жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болгонун аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери өлкө аймагында 318 табигый жана техногендик кырсык катталган. Келтирилген материалдык зыян 896 млн. 844 миң сомдон ашкан.

Бул жылы көчкү, сел, суу ташкындары жана катуу шамал көп катталган. Жаз алды менен Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында жети үйдү көчкү басып, 24 кишинини өмүрүн алган. Ош-Бишкек жолунда кар көчкүсүн тазалоо учурунда Транспорт жана жолдор министрлигинин төрт кызматкери каза тапкан.

Табигый кырсыктардын алдын алуу жана куткаруу иштеринин натыйжасында 236 адамдын өмүрү куткарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!