Манты жасоочулар ортосунда сынак өтөт

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:27

Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлардын биринде 4-ноябрь манты-батлл өтөт.

Бул тууралуу уюштуруучу Асел Сагадиева “ZAMAN.KG” басылмасына билдирди.

Анын айтымында иш-чарада ашпозчулар манты жасоо боюнча күч сынашат. Сынакка төрт топ катышат. Ар бир команда 2 же үч адамдан туруп, биринчи топ жубайлар, экинчи топ кесиптештер, үчүнчү топ достор болот. Төртүнчү команданын курамы эми белгилүү болот.

Манты жасоо сынагында катышуучулар ошол жердемантыны баштан аяк жасашат. Жеңүүчүлөр кызыктуу байгерлер менен сыйланат.

Манты батллга катышкысы келгендер алдын-ала билет алышы шарт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!