Парламент Жумагуловдун талапкерлигин колдоду

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:13

Жогорку Кеңештин депутаттары Маданият жана маалымат министрлигине сунушталып жаткан Султан Жумагуловдун талапкерлигин колдоду.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга катышкан 84 депутат тең Жумагуловдун талапкерлигин колдогон.

Буга чейинки министр Түгөлбай Казаков өз ыктыяры менен жумуштан кеткен.

Султан Жумагулов Кыргызстандагы белгилүү медиа-эксперт. Буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген. Би-Би-Си, Азаттык, КТРК сыяктуу жергиликтүү жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!