​Москвада аялын өлтүргөн кыргызстандык кармалды

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:25

Москва шаарында аялын өлтүрүп качып кетүүгө аракеттенген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка караганда, Орто Азиялык жаран Москвада мекенине кетиш үчүн шашылыш акча издеп жаткандыгы тууралуу полицияга кабар түшкөн, аталган жаран туугандарынын үйүндө жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

12-сентябрда Люблино районунун Краснодарск көчөсүндө 23 жаштагы бычакталган аялдын сөөгү табылган. Бул окуя көчөдө орнотулган видеокамераларга жазылып калган. Мигрант аялына кызганычтан улам 10 жолу бычак сайган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!