«Элдер достугу» монументинин айланасы көрктөндүрүлөт

4-Ноя. 2017, Ишемби, 12:05

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Россия элдеринин достугун билдирген «Элдер достугу» монументин көрктөндүрүүгө 3 млн. 111 миң сом бөлдү.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Каражат Бишкек шаарынын мэриясына каржылык колдоо иретинде берилип, ал монументти кароого жана ага жакын жайгашкан бакча, "Ала-Тоо" аянтына жумшалат.

"Элдер достугу" деп аталган монумент 1974-жылы Кыргызстандын Россиянын курамына кошулгандыгынын 100 жылдыгына байланыштуу орнотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!