Кан жолдогу кырсык 10 адамдын өлүмүнө забын болду

6-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:35

Бүгүн, 6-ноябрда таң эрте Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында катталган жол кырсыгы 10 кишинин өмүрүн алып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Honda Stepwgn автоунаасы менен газ ташып бараткан «МАН» автоунаасы кагышкан.

Анын кесепетинен он киши набыт болду. Сегиз киши кырсык болгон жерде каза тапса, экөосү ооруканада кайтыш болгон. Алардын арасында алты айлык наристе да бар.

Аталган министрлик каза болгондордун ысымын жарыялады:

1. Кадыржанов Камалдин 03.03.1994 ж.т. Ош обл. Өзгөн районунун тургуну

2. Абдувалиев Фахриддин Каманинович 1988 ж.т. Ош обл. Өзгөн районунун тургуну

3. Абдувалиев Хусниддин Жамалинович 12.10.1989 ж.т. Ош обл. Өзгөн районунун тургуну

4. Навижанов Кадыржан Адылисанович 09.01.1994 ж.т. Ош обл. Өзгөн районунун тургуну

5. Шабданов Куштарбек Өзбекович 13.10.1977 ж.т. Жалал-Абад обл. Аксы районунун Аксы айылынын тургуну

6. Аширова Барнохан Жатамжановна 28.05.1994 ж.т. Ош обл. Өзгөн районунун Өзгөн айылы тургуну

7. Разакулов Акмольжан Махмуджанович 24.07.1989 ж.т. Ош обл. Өзгөн шаары Менделеев №14 көчөсүнүн тургуну

8. Расулжан кызы Наврузхан 13.02.1995 ж.т. такталууда

9. Мамаджанов Кадыржан Абдыкалыкович 09.01.1994 ж.т. такталууда

10. Бир жарандын өздүгү такталууда.

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 617 киши каза тапты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!