Көчөдөн жаңы төрөлгөн кызды табышты

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:08

Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү кечки саат 22:00 чамасында аталган кааланын Амир-Темур кичи районундагы бала бакчанын жанына ташталган жаңы төрөлгөн ымыркайды жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Ымыркай жаш балдардын кийимине оролуп көчөгө ташталган.

Тургундардын чакыруусу менен барган милиция кызматкерлери баланын жаңы эле төрөлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле көчөдөн табылган ымыркай Ош шаардык төрөт үйүнө жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу жана табылган кыздын салмагы 3 кг 270 грамм болгон. Ал эми кыздын энесин табуу боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!