Наристени өрттөн куткарган окуучу сыйланды

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:47

Өрт чалган турак-үйдүн ичинен 1,5 жаштагы наристени тилсиз жоодон куткарып калган 1-класстын окуучусу Альалим Алланазаров өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан сыйланды.

Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров, ӨКМдин облустук башкармалыгынын жетекчиси, Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев ыраазычылык кат жана белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, окуучу 13-сентябрда Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы күйүп жаткан турак жайдын ичинде калып калган 1,5 жаштагы наристени аман алып чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!