Абактан качкандардын үчүнчүсү кармалды

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:52

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен төрт кишинин үчүнчүсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 28-ноябрда саат 21:00 чамасында Бишкектин Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев колго түшүрүлгөн.

Эскерте кетсек, кылмышка шектүү 4 адам 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында абактан качып кеткен. Алар кылмыш-жаза кодексинин “карактоо” жана “адам өлтүрүү” беренсинин негизинде кармалган. Качып кеткен адамдардын ичинен экөө ошол эле күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын негизинде Биринчи май районунун аймагынан кармалган.

Кармалган адамдар:

- Сокулук районунун 38 жаштагы Р.Б., аттуу тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” бересинин негизинде камакка алынган.

- Талас облусунун 38 жаштагы Б.Д., аттуу тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренесинин негизинде камакка алынган.

- Түркмөнстандын 32 жаштагы Б.А., аттуу тургуну, кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык, документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу жана мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кармалган.

Кармала элек адам:

-1989-жылы туулган Кайрат Джанботоев, Чүй облусунун тургуну, кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кармалган.
Кийген кийими: кара түстөгү күрмө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!