Иероглифтерди жаңы ыкма менен үйрөтүшөт

6-Дек. 2017, Шаршемби, 16:05

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) иероглифтерди үйрөтүү боюнча жаңы методиканы каттады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Буга чейин жаш тапкыч команда иероглифтерди үйрөтүү боюнча жаңы эксклюзивдүү ыкманы иштеп чыккан, анын натыйжасында кытай тилин үйрөнүү жаңы көрүнүштө чечмелөөгө мүмкүндүк алат.

Кыргызпатент тарабынан “Иероглифтер сүрөттөмөлөр көрүнүшүндө” аттуу окутуу куралына Күбөлүк берилди, методиканын өзгөчөлүгү -сүрөттөмөлөрдө жана материалды көрүп кабыл алууда.

Методиканын автору Талгат Молдалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө окутуу материалдарды берүүдө такыр керексиз маалыматты жазуу, көп убакыт сарптап иероглифтерди жазып жана милдеттүү түрдө жаттап чыгуу салттуу ыкмасы эскирген.

“Оюн түрүндө кытай иероглифтерин үйрөтүү жеңил жана жөнөкөй. Окутууда иероглифтерди жөнөкөйлөтүп биринчилерден болгонубузга биз сыймыктанабыз”, - дейт автор.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!