Тургунбай Алдакулов министрдин кеңешчиси болду

8-Дек. 2017, Жума, 10:23

Тургунбай Алдакулов Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрдин жаңы кеңешчиси буга чейин Жалал-Абад телерадиокомпаниясын жетектеген.

Көп жылдар бою медиа тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап келген.

Алдакулов аймактагы маданиятты өнүктүрүү маселелерин колго алат. Ал 39 жашта, Баткен облусунда туулган. Кыргыз, орус жана өзбек тилдерин билет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!