​Башкы балаты 40 миң чырак менен кооздолот

​Башкы балаты 40 миң чырак менен кооздолот
8-Дек. 2017, Жума, 15:03

Бүгүн, 8-декабрда ордо калаанын Ала-Тоо аянтында башкы балата орнотулуп, кооздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка карганда, балатынын бийиктиги 25 метрди түзөт. Миңден ашуун оюнчуктар жана 40 миң түркүн түстө жарык берүүчү лампалар менен кооздолмокчу.

Башкы балатынын оту 15-декабрда саат 19:00дөн тарта 21:00гө чейин салтанаттуу түрдө жандырылат.

Мындан тышкары Бишкекте 15 балаты орнотулат жана ордо калаанын ири жолдорунда жаңы жылдык жасалгалоо иштери болмокчу.

Белгилей кетсек, ордо калаанын жаңы жылдык жасалгалоого 15 миллион сом бөлүнгөн. Өткөн жылы 13 млн. сом жумшалган эле.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!