​Үй менен кошо үй ээси күйүп кетти

​Үй менен кошо үй ээси күйүп кетти
8-Дек. 2017, Жума, 18:21

Аламүдүн районунда өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда Аламүдүн районундагы Маевка айылынын Ж. Гвардия көчөсүнүн №85 дарегиндеги турак үйдөн чыккан өрт, саат 12:50дө чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 59 жаштагы турак үйдүн ээси каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда. Кошумча маалымат берилет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!