Марат Козукеев каза болду

Марат Козукеев каза болду
9-Дек. 2017, Ишемби, 11:18

КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актёр Марат Козукеев узакка созулган оорудан каза болду. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.

Актёр кант диабети менен жабыркап жүргөн.

Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда, Бишкек шаарында, чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Акёр өзүнүн чыгармачыл өмүрүндө бир катар кинодо, театрда башкы каармандын ролун ойногон. Маркумдун артында 2 кызы, 1 уулу жана жубайы калды.

Zaman.kg маалымат агенттиги маркумдун жакын туугандарына жан үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!