Африканын түштүгүн кан соргучтар каптады

9-Дек. 2017, Ишемби, 13:31

Түштүк-чыгыш Африка өлкөсү Малавиде вампирлер тарабынан киши өлтүрүү болуп жатат. Өлкөдө кээ бир адамдардын сыйкыр жаратуу максатында элдин үйлөрүнө кирип, кандарын соруп жатканы белгиленди. Ушул жыл ичинде эң аз жети кишинин вампирлер тарабынан курман болгону айтылууда.

Билим берүү деңгээли өтө төмөн болгон Малавиде вампир курмандыгы болуп жатат.

Англиянын Daily Mail газетасындагы кабарларды карай турган болсок, жыл башынан бери эң аз жети киши вампир чабуулунун негизинде курман болгон.

Бул кооптуу жагдайдан улам жыл башында БУУнун кызматкерлери жана “АКШнын тынчтык күчтөрүнүн” өкүлдөрү аймактан чыгып кеткен.

Өлтүрүүлөр көп болуп жаткан Тиоло аймагында жашаган 40 жаштагы Жамия Баулени: “Бир киши түн жарымында үйүмө кирип келип, канымды сорду”, - деп айтты. Болуп жаткан окуяларды ушак же каңырыш деп айтууга болбостугун, аймактагы эл паника абалына түшүп жатканын тастыктады.

Өлкөдө вампир курмандыктары алгачкы жолу болуп жаткан жок. Мындан мурун да Малави өлкө башчысы Питер Мутарика өлкөнүн түштүк тарабына жасаган иш сапарында “вампир курмандыктарын” иликтөөгө сөз берген.

2002-жылы Малавидеги кээ бир айылдарда вампир чабуулу болгону тууралуу кабар тараган. Айылдын жашоочулары колдорунан кан соруу үчүн сайылган ийненин издерин кабарчыларга көрсөтүшкөн.


Өлкө жетекчилиги Малавинин түштүк-чыгышындагы Муланье аймагында эч кандай вампир болбогонун жарыя кылган. Айтылып жаткандар оппозиция өкүлдөрүнүн төңкөрүш кылуу үчүн жасаган аракеттери деп айыпташкан. Кабарчыларга маалымат берген Ички Иштер министри Николас Дауси: Бул окуянын артында ким турганын сөзсүз табабыз. Кан соруу үчүн пайдаланылып жаткан кишилердин жапайы аракеттерине каргыш тийсин, - деген.

Бир тараптан “вампир курмандыктары” калк арасында өтө олуттуу ызы-чууга жол ачкан. Жергиликтүү калк акыркы бир айда беш кишини вампир же сыйкыр жаратуу үчүн адам канын ичти деген күнөө менен ур-токмокко алып өлтүрүшкөн.

Вампир аңчылыгына чыккан жапайы топ өлкө боюнча үрөйдү учурушууда. Жолдорду тозгон топ, айрыкча "albinizm" ооруларына кол салышууда.

Калк болсо экиге бөлүнгөн абалда. Бир тарабы айтылгандарга көп маани бербесе, экинчи тарабы бул айтылгандарга байланыштуу кечкисин уктай албай жатышкандыгын билдиришүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!