Ош: майыптар үйлүү болду

12-Дек. 2017, Шейшемби, 11:38

Ош шаарынын Анар кичи районундагы курулган 66 батирлүү көп кабаттуу үйдүн ачкычтары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырылды.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев батир ээлерин куттуктап, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык жактан колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылык берилген багыты болуп келгендиги жана мындан ары да улана берээрин билдирди.

“Мэрия бул батирлерди турмуш-шарты оор, социалдык жактан колдоого муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген шаар тургундарына берүү чечимин кабыл алып, токтом кабыл алынып, комиссиянын чечими менен бөлүндү” ,- деди А.Кадырбаев.

Эскерте кетсек, мындан төрт жыл мырда кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн өз ара келишимине ылайык Ош шаарында гранттык негизде 66 батирлүү турак жай куруу макулдашылган. Ага ылайык, көп кабаттуу үй кытай тараптын каржылоосу менен курулган. 2 жана 3 бөлмөлүү батирлер атайын комиссиянын чечими менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бөлүнүп берилди. Ал эми Ош шаарында 700го жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар батир алууга кезекте турат.

Курулушка сарпталган сумма 272,1 млн сом. Курулуш иши 2012-жылдын август айында Бей Синь” Синьцзян жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча корпорациясы тарабынан башталып, 2014-жылы бүткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!