Ноокатта окуучу кыз көз жарды

12-Дек. 2017, Шейшемби, 14:32

Ноокат районунда 15 жаштагы окуучу кыз менен сексуалдык мүнөздөгү байланышка барган деп шектелген 17 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-класста окуган кыз менен мындай аракетке барган жигитке карата Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси боюнча иш козголуп, ал Ноокат РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Кылмышка шектүү жигит окуучу кыздын айылдашы болот.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, окуучу кыз 5-декабрда Ноокат райондук ооруканага жеткирилип, ай-күнүнө жетпей 6 айлык бала төрөгөн. Наристе өлүү төрөлгөн. 2002-жылы туулган кыз апасы, чоң энеси жана чоң атасы менен жашайт. Атасы 2 жылдан бери Россияда эмгектенип жүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!