Муфтий Финляндияда форумга катышууда

12-Дек. 2017, Шейшемби, 15:26

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Финляндия мамлекетинин борбору Хельсинк шаарындагы «Курандын гумандуулугу жана глобалдык маселелер: стратегиялар жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы XIII эл аралык форумга катышууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Форумга 25 өлкөнүн илимий изилдөө институттарынын өкүлдөрү, диний башкармалыктардын жетекчилери жана дин аалымдары, серепчилер катышып жатат.

Алар «Курандын гумандуулугу жана глобалдык маселелер», «Салттуу баалуулуктардагы кризис жана аны жоюнун жолдору», «Курандын гумандуулугу жана Исламдын комплекстүү программасы, өзгөрүүлөр» аталышындагы темалар боюнча талкуу жүргүзүшүүдө.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өзүнүн «Ислам дининин баалуулуктары» аталышындагы докладын окуп, катышуучуларга кыргыз элинин саламын жолдоду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!