Орто-Токой суу сактагычын башкаруу Кыргызстанга өтөт

13-Дек. 2017, Шаршемби, 13:14

Жогорку Кеӊеште Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуу каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Келишимге ылайык, Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө.

Депутат Ихак Пирматов суу сактагычтын аймагында жашаган өзбек жарандарынын жана алардын 1 млрд сомдон ашуун өлчөмдөгү жер салыгынын төлөнүү абалына кызыкты. Ал эми Кенжебек Бокоев суу акысы төлөнөр-төлөнбөсүн сурады.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев келишим ратификациялангандан кийин тейлөө тармагында иштеп, ошол жерде жашаган 44 өзбек жараны көчүрүлөрүн, топтолгон суу акысын төлөтүү чаралары көрүлөрүн, талаш маселелердин баары атайын комиссия тарабынан чечилерин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калгандыктан, ага ээлик кылуунун шарттары узак мезгилден бери чечилбей келген. Буга чейин аны өзбек сакчылары кайтарып турган.

Орто-Токой суу сактагычы чегарадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Анын жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Сыйымдуулугу – 165 млн куб/метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргызстан пайдаланат.

Келишим ратификациялангандан кийин өзбек тарап аны күтүүгө жылына 16-20 млн сом өлчөмүндө каражат же жалпы чыгымдын 92 пайызын бөлөт. Кыргыз тарап үчүн жаӊы 60 жумушчу орун ачылмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!