​Уруша кетип, аялы күйөөсүн бычактап салды

13-Дек. 2017, Шаршемби, 15:11

Жумгалда жарандык никеде жашаган күйөөсүн бычактап салган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-декабрь күнү саат 08:00 чамасында Жумгал РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, үйдүн ашкана бөлмөсүндө эркек адамдын сөөгүн табышкан. Маркум ушул үйдүн 34 жаштагы ээси болуп чыккан. Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 7-декабрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында үй ээси жубайы менен уруша кетип, жыйынтыгында жубайы жолдошун сол жак тарабына бычак менен сайып жибергендиги маалым болгон.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иш козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!