Өзбекстан Ошко мектеп курат

14-Дек. 2017, Бейшемби, 06:28

Өзбекстан Республикасынын өкмөтү менен Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.

Макулдашууда өзбек тараптын каражатына Ош шаарында 630 орундуу жалпы билим берүү мектебин куруу жана обьектти кыргыз тарапка менчикке акысыз өткөрүп берүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!