«Бомба» тууралуу кылмыш иши козголду

14-Дек. 2017, Бейшемби, 06:54

Мурдагы вице-премьер министр, учурдагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 24-ноябрь күнү президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде өкмөттүк трассада бомба коюлганы тууралуу айткан эместигин ал жетектеген мекеменин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Зилалиев өкмөттүк трассада баратып, жолдо турган Ички иштер министрлигинин академиясынын курсант кызына формасы боюнча сын айтууга үлгүргөн.

«Зилалиев унаасы менен баратып жол чыракка токтогон. Ошол учурда ИИМдин курсант кызына формасы жарашыктуу экенин, бирок оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдирген. Кыз бул билдирүүнү бомба тууралуу айтып жаткандай кабылдаган»,-деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Зиалилевге эмес, бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы кошумчалаган.

Зилалиев бараткан унаа кытай компаниясына таандык болгон, бирок муну ал билген эмес.

Бул күнү Зилалиевдин кызматтык унаасы менен айдоочусу ордунда жок болуп чыккан. Жардамчысы Зилалиевди өз унаасы менен жеткирип коюуну сунуштаган. Lexus 570 үлгүсүндөгү авто жардамчынын досунун унаасы болгон. Жардамчы бул «жардамы» үчүн катуу сөгүш алган.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы текшерүүдө топтолгон материалдардын негизинде өкмөттүк жолдо жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат берүү фактысы боюнча кылмыш иш козгоду.
Кылмыш иш 1-декабрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүмүнүн (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) негизинде козголгон.

ИИМдин Академиясынын курсанты берген маалыматка караганда, жардыруучу зат жөнүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшенбек Зилалиев билдирген.

Учурда тараптардын көрсөтмөлөрү козголгон кылмыш иштин алкагында текшерилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков ант берген күнү өкмөттүк жолдо бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү белгилүү болгон. Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү саат 09:15те ант берүү аземинде Манас көчөсүндө коомдук тартипти көзөмөлдөгөн курсантка кара түстөгү «Лексус» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 1522 ВК) келип, анын ичиндеги эркек киши жолдо жардыруучу зат бар экенин билдирип, «жакында бул жер жарылат» деп айткан.

Акыркы убактарда Дүйшөнбек Зилалиевдин ысымы бир топ чырлуу иштерге аралашып жүрөт. Алгач чехиялык компания ГЭС курат кыйкырыгы менен чыгып, кийин ал ишке ашпады. Президенттик шайлоонун алдында бийлик тарабынан сунушталган талапкерге добуш берүүгө үндөп, сөгүш, андан кийин катуу сөгүш алган. "Суу кодексине" өзгөртүүлөрду киргизүү мыйзамынын демилгечиси катары да коомчулуктун каарына кабылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!