Молдо Кылычтын 150 жылдыгы белгиленет

14-Дек. 2017, Бейшемби, 10:28

Бүгүн, 14-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында саат 14:00дө кыргыз адабиятынын башатында турган улуу акын жана даанышман ойчул Молдо Кылыч Шамыкан уулунун 150 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаттары, президентинин аппаратынын өкүлдөрү, өкмөттүн өкүлдөрү акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын урпактары, ЖОЖдордун студенттери жана акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандар катышышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!