Булан-Сөгөтүнүн тургуну өз үйүндө өрттөндү

14-Дек. 2017, Бейшемби, 11:05

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында жалпы 10 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү саат 08:30дан 14-декабрь күнү саат 08:30га чейин Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.

"Ошондой эле Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айылындагы турак жайдан чыккан өрттөн 43 жаштагы үйдүн ээси каза болгон. Өрттөн 9 чарчы метр турак үйдүн дубалдары, төшөнчүлөр, стол, отургучтар күйгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!