​30 жаштагы жигит 26 миң аялга жардам берген

14-Дек. 2017, Бейшемби, 11:31

Сауд Арабиянын Халид аттуу жараны аялдарга көмөк көрсөткөн көмөгү үчүн Шайо (Chaillot Prize) деген аталыштагы сыйлык менен сыйланды. Бул тууралуу muslim.kz жазды.

Маалыматка караганда, 30га эми гана толгон Халид мындан эки жыл мурун аудиторлук жумушун таштап, кайрымдуулук ишине көңүл бура баштаган.

Ал аялдарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн “Glowork” жумушка орноштуруу уюмунун ачып, 2 жылда 26 миң аялды жумуш менен камсыз кылган. Мындан тышкары бир катар айымдар кесип тандоо боюнча кеп-кеңештерди алышкан.

Айымдарга кайрымдуулук иштерин көп көңүл буруп, жумуш менен камсыздоону колго алган Халиддин уюмунда азыр 68 кызматкер эмгектенет. Анын 60ы аялдар түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!