Кара-Суу базары өрт коопсуздугуна жооп бербейт

14-Дек. 2017, Бейшемби, 11:41

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына толук кандуу жооп бербей тургандыгы атайын жүргүзүлгөн текшерүүдө анык болду. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспецкиянын өрт коопсуздук кызматкерлери тарабынан башаламан жайгашкан соода күркөлөр, контейнерлер өрт өчүрүүчү атайын унаанын базардын ичине кирип, чыгуусуна жолтоо болоору тастыкталган.

Ошондой эле, базардын ичиндеги суу алуучу гидранттардын абалынын начардыгы, айрым кичи базарларда такыр эле жок болуп чыкты. Инспекторлордун айтымында, базардын айланасында соода жайга тиешеси жок башаламан курулуштар тоскоолдук кылып жатат. Кокус, күтүүсүз өрт же башка чукул кырдаалдар катталса, өрттү өчүрүүчү унаа өз учурунда кире албай, кырсыктарды жоюу татаалдашып кетиши толук ыктымал.

Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча башчысы Рысбек Юсупов тарабынан Кара-Суу базарынын жетекчилине, Архитектура кызматкерлерине тез арада баш аламандыкты жараткан базарды ирээтке келтирип, соода жайдын коопсуздугун долбоордо кандай каралса, көрсөтүлгөн тартипке келтирүүсүн буйруду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!