Паспортту акысыз берүү качан аяктайт?

14-Дек. 2017, Бейшемби, 12:41

Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 31-декабрь күнү жарандарга биометрикалык паспортторду акысыз берүү жараяны аяктарын билдирет.

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Дамира Азимбаева билдиргендей, жарандар жыл соңуна чейин мурдагы ID жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун алмаштыра алышат. Эгерде паспорт шашылыш түрдө керек болсо, анда акы төлөнүүгө тийиш.

Биометркалык паспорт алууну каалагандар сөзсүз түрдө биометрикалык маалыматын тапшыруусу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!