​Очок салуу боюнча тиркеме иштелип чыкты

14-Дек. 2017, Бейшемби, 15:27

Үйдү туура жылуулоо жана энергонатыйжалуу мештерди куруу боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу аталган тиркемени иштеп чыккандар билдиришти.

Бул тиркеме аркылуу сиздер:

  • Үйдү туура жылуулоонун түрлөрү (камыш, саман сыяктуу табигый, экологиялык жактан таза материалдар жана өндүрүштөн чыккан түрлөрү);
  • Үйдүн ичине салынчу меш менен тышка салынган очокту канткенде отунга үнөмдүү, чөнтөккө пайдалуу кылып салса болот?;
  • Кыргызстандын кайсыл аймагында ким деген мастерлер бар (аты-жөнү, байланыш телефондору)?;
  • Үйдү жылуулаганда эмнеге маани берүү керек? Курулушка кандай материалдарды колдонуу зарыл? Жылуулай турган табыгый жана өндүрүштөн чыккан курулуш материалдарынын артыкчылыгы менен кемчилик жактарын;
  • Үйдү жылуулаганда профессионалдуу адистердин кеп-кеңештери менен зарыл болгон кеңири маалыматты;
  • Үйдү жылуулаш үчүн кайсыл жактан насыя алса болоору тууралуу кеңири маалымат алсаңыздар болот.

Бул тиркемени сиздер уюлдук телефон аркылуу “андроид” платформасында жайгашкан “Плей Маркет” тиркемесинен “Теплый дом” деп аталган тиркемени издеп таап, өзүңүздөрдүн уюлдук телефондоруңуздарга көчүрүп алсаңыздар болот.

Мындай тиркемени Швейцария өнүгүү боюнча Хелветас Свисс Интеркооперейшн уюму жана Финляндия өлкөсүнүн Астанадагы элчилигинин каржылоосу менен “Айыл жеринде жашыл шыктарга окутуу – G-STAR” – деген долбоор иштеп чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!