​Токтоп турган унааны сүзүп кетти (видео)

14-Дек. 2017, Бейшемби, 17:01

Бишкекте токтоп турган унааны сүзгөн айдоочу, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-декабрда саат 23:20да Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 4-төрөт үйүнүн жанында “Форд” үлгүсүндөгү унаа токтоп турган “Мерседес” унаасын сүзүп алган. Кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерден качып кетип калган.

Учурда кырсыкка кабылган үч унаа тең айып короого токтотулган жана күнөөкөр айдоочу менен жүргүнчү кыз изделүүдө.

Окуянын күбөлөрү интернетке тараткан видеодо көрүнүп тургандай, “Форд – Escape” унаасы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны сүзүп, ал болсо “Хонду Одиссей” менен кагылышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!