Мурадил Сагыналиев дүйнө салды

15-Дек. 2017, Жума, 11:44

Кыргыз маданият дагы бир уулунан айрылды белгилүү ырчы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобунун көркөм жетекчиси, Мурадил Сагыналиев 45 жаш курагында дүйнө салды. Бул туурасында маркумдун кесиптештери билдиришти.

Ал кечээ, 14-декабрда Бишкектеги ооруканалардын биринен көз жумган. Буга чейин уйку бези ооруп жүргөн.

Мурадил Сагыналиев 6-ноября 1972-жылы Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Маркумдун артында артында эки баласы калды.

Zaman.kg маалымат агенттиги маркумдун жакын туугандарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!