Изин жашырып Кыргызстанга келген

15-Дек. 2017, Жума, 11:51

Эл аралык издөөдө жүргөн диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү экстремисттик кылмыш үчүн эл аралык издөөгө алынган КМШ өлкөлөрдүн биринин жараны 1992-жылы туулган жигит кармалган.

“Кармалган жаран экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгон. Ал кылмыш ишинен качып, Кыргызстанга келген. Бул жактан ал көмүскө диний-экстремисттик уюм түзүп, башкаларды үгүттөөнү пландаган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кармалган адамды тиешелүү органдарга өткөрүп берүү каралып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!