"Күйөө сатам"

15-Дек. 2017, Жума, 11:57

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын 80-сезону театрдын Кичи залында Жеңишгүл Өзүбекованын «Күйөө сатам» аттуу спектакли менен ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спектаклди койгон режиссер Шамбет Мендебаиров. Сезондун ачылышына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Нарын шаарынын тургундары менен бирдикте аншлаг менен өттү. Көрүүчүлөрдүн суроолору боюнча спектакль 5-декабрда кайталанып коюлду.

Бүгүнкү күндө, 15-декабрдан баштап чыгармачылык жамаат балдар үчүн «Жаны жылга сапар», «Сыйкырчы аяз кыз», «Коркок жоокер» аттуу жаңы жылдык жомоктору менен буюртма аркылуу кардарларды тейлөөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!