Автобекеттин жанынан унаа күйүп кетти

15-Дек. 2017, Жума, 12:12

Жалал-Абад шаарында автобекеттин жанында жеңил унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда саат 12:15 чамасында аталган шаардын Ленин көчөсүндө автобекеттин жанында “Нексо-1” үлгүсүндөгү жеңил унаанын мотору күйгөн. Өрт кырсыгынан эч ким жабыркаган жок.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!