Молдо Кылычтын 150 жылдыгы белгиленди

15-Дек. 2017, Жума, 14:25

Бишкекте “Токтогул Сатылганов” атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында кыргыз адабиятынын башатында турган улуу акын жана даанышман ойчул Молдо Кылыч Шамыркан уулунун 150 жылдыгына арналган мааракелик иш чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов чыгып сөз сүйлөдү. Анда министр даанышман ойчул, улуу акындын кенчин жыйнап, чогултуп мамлекеттик деңгээлге чыгарып жаткан небере, чөбөрөлөрүнө, туугандарына, тилчи окумуштууларга жана негизи эле улуу жазуучунун чыгармачылыгын баалагандарга алкышын билдирди.

Бул иш чарага Жогорку Кеңешинин депутаттары, президентинин аппаратынын өкүлдөрү, өкмөттүн өкүлдөрү акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын урпактары, ЖОЖдордун студенттери жана акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандар катышты.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!