Султан Жумагулов ММКларды ирээтке салат

15-Дек. 2017, Жума, 14:33

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде мамлекеттик, облустук телерадиокомпаниялардын жетекчилери менен биргеликте жыйын өттү. Анда жакында мамлекеттик ММКлар арасында жүргүзүлө турган маселелер талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Султан Жумагулов Өкмөттүн тапшырмасы менен облустук борборлордо мамлекеттик телерадиокомпаниялар алдында медиа-борбор түзүлөөрү, анда маалымат кызматтары көрсөтүлө тургандыгы тууралуу маалымдады.

Аталган тапшырманы ишке ашыруу үчүн атайын программа түзүү менен мамлекеттик ММКларда реформа жүргүзүүнү тапшырды. Реформанын максаты - 34 райондук жана 12 облустук гезиттер, ошондой эле 6 облустук телеканалдарга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын ирээтке салуу.

“Медиа тармак күндөн күнгө заман талаптарына ылайык өзгөрүп жатпайбы, рынок шартында жашап кетүү үчүн салттуу медиа тармакты өзгөртүү зарылдыгы туулду, ”-деди Султан Жумагулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!