​Үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

15-Дек. 2017, Жума, 16:52

Жалал-Абад шаарында өрттөн бир аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14-декабрда саат 21:46 чамасында Жалал-Абад шаарынын Жамашев көчөсүндөгү турак жайдан белгисиз себептерден өрт чыгып, натыйжасында 50 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 67 жаштагы үй ээсинин күйүп калган сөөгүн өрт өчүрүүчүлөр алып чыгышкан. Анын жанында (чогуу жашаган) күйүк алган эркек адам болгон, аны “103” кызматкерлери ооруканага алып кетишкен.

Учурда жабырлануучунун аты-жөнү такталууда.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!