Өлкөнүн башкы балатысы жандырылды (фото)

16-Дек. 2017, Ишемби, 12:03

15-декабрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында жайгашкан өлкөнүн башкы балатысы жандырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Балатынын бийиктиги 25 метрди түзөт. Миңден ашуун оюнчуктар, 2500 ийне жалбырактуу бутактар жана 40 миң түркүн түстө жарык берүүчү лампалар менен кооздолгон.

Башкы балатынын оту кечээ саат 19:00дө жандырылып, салтанатуу кече 21:00гө чейин уланды. Ага калаа башчы Албек Ибримов өзү катышып, бишкектиктерди жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Андан соң эстрада ырчылары жана мектеп окуучуларынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, мындан тышкары баш калаада 15 балаты орнотулган. Бишкектин ири жолдорунда жаңы жылдык жасалгалоо иштери толугу менен бүткөрүлдү.






Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!