​22 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып өлдү

16-Дек. 2017, Ишемби, 12:15

Кыргызстанда ыкчам кызмат өтөө аскер кызматынын жоокери өзүн өзү атып каза болду. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 15-декабрда Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнө караштуу бөлүктөрдүн биринде болгон. Анда 22 жаштагы жоокер өзүн өзү атып каза болгон.

Учурда Аскер прокуратурасы аталган факты боюнча иликтей баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!