​Телефон үчүн досун өлтүрдү

16-Дек. 2017, Ишемби, 13:25

Бишкек шаарында 27 жаштагы жигит шериктешинин телефонун ээлеп алуу максатында, аны башка уруп өлтүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү башынан оор жаракат алган адам Улуттук госпиталга түшкөн. Жабырлануучу алган жаракатынан ээсине келбей жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Маркумдун өздүгү такталып, ал Бишкек шаарынын 44 жаштагы жашоочусу болуп чыккан.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча Ленин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу тарабынан кылмыш ишине шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалган.

“Тергөөнүн жүрүшүндө маркум менен шектүү спирт ичимдигин ичип отурушуп, шериктешинин уюлдук телефонун ээлеп алуу максатында кылмышкер маркумду баш тарапка уруп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!