Бишкектеги Арча-Бешик жаңы-конушундагы “Газпром" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия спорт комплексинде 16-17-декабрда VIII Эл аралык “Хан Манас” аталышындагы эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мелдешке 7 мамлекеттен Армения, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Грузия, Кыргызстандан 365 спортчу (285 эркек, 79 кыз-келиндер) катышууда.
Бүгүн, 16-декабрда 7 комплект медаль ойнотулат.