​​Мурадил Сагыналиевдин сөөгү жерге берилди

16-Дек. 2017, Ишемби, 14:14

Белгилүү ырчы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобунун көркөм жетекчиси, Мурадил Сагыналиевдин сөөгү бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Ак-Өргө конушундагы көрүстөнгө жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов, кесиптештери жана жакын туугандары катышты. Осмонов Сагыналиевдин быйылкы жылы КРнын эмгек сиңирген наамга көрсөтүлүп, анын тизмеси киргизилгенин бирок наам албай кеткенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Мурадил Сагыналиев 45 жаш курагында 14-декабрда Бишкектеги ооруканалардын биринен көз жумган. Буга чейин уйку бези ооруп жүргөн.

Мурадил Сагыналиев 1972-жылдын 6-ноябрда Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Маркумдун артында эки баласы калды. Калайык калкка элдик ырларды аткарып жүргөнү менен элдин эсинде кала берди.

Zaman.kg маалымат агенттиги маркумдун жакын туугандарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!