Заманбап фельдшердик-акушердик пункт ачылды

16-Дек. 2017, Ишемби, 15:23

Кечээ, 15-декабрда Талас областынын Кара-Буура районундагы Чоң Кара-Буура айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылыш салтанатына Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, Катардын кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Имарат толугу менен аталган уюмдун каржылоосу менен курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлдү. Жугуштуу оорулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү каана, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Мындан сырткары ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары дармек сактоочу аппараттары ж.б. керектүү шаймандары дагы уюм тарабынан камсыздандырылды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Катар коомдук уюмунун биргелешкен келишимдин негизинде курулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!