Тарыхый дата: гимнге 25 жыл болду

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:48

Бүгүн, 18-декабрь - Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин кабыл алынган күнү. Мындан 25 жыл мурун, тагыраагы 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан өлкөнүн башкы ыры бекитилген.

Гимндин сөзү Жалил Садыков менен Шабданалы Кулуевге таандык. Обонун Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов жазган.

2013-жылы улуттук атрибуттарды өзгөртүү боюнча түзүлгөн комиссия, гимндеги «бейкуттук» жана «досторуна даяр дилин берүүгө» деген саптарын алып салуу боюнча сунуш беришкен.

Гимн мамлекеттик маанидеги салтанаттуу кечелерде, башка өлкөнүн расмий коногун тосуп алууда жаңырат. Эрежеге ылайык, гимн тике турган абалда оң колун жүрөтүк тушуна коюлуп ырдалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!