УКМК кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө

20-Дек. 2017, Шаршемби, 11:55

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук тармагында иштеген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда улттук коопсуздук кызматкерлери биринчи орунда мамлекеттин кызыкчылыгын коюп, өзгөчө сапаты болушу керектигин белгилеген.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө болуп жактан ар кандай экстремисттик-террордук актылар активдешип, улам жаңы чакырыктар айтылып жатканы, анын ичинде Кыргызстанда да экстремизс, терроризм, баңги зат аткезчилиги, коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч жаратары айтылган.

Кыргызстанда 20-декабрда улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө 2007-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Аталган орган адегенде Улуттук коопсуздук кызматы, андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети деп өзгөртүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!