Карганбек Самаков 10 жылга соттолду

20-Дек. 2017, Шаршемби, 13:21

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылды. Мындай чечимди кечээ, 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кабыл алды.

Чечимге ылайык, Карганбек Самаковдун мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги камакта өтөйт. Бирок, жаза мөөнөтү эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарды.

Аны менен кошо күнөөлөнүп жаткан Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов жана Абай Таштанбеков күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыратылып, эки мунапыс менен жаза мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарды.

Ал эми Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынды. Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылды.

Эскерте кетсек, Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединов айыл аймактарынан 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялап алган деген айып менен Карганбек Самаковго 2015-жылдын 14-майында кылмыш иши козголгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!