Ири өрт кырсыгы катталды

22-Дек. 2017, Жума, 10:55

Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 21-декабрь күнү саат 16:18де аталган шаардын Чутская көчөсүнүн №15 даректе өрт тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин 20-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.

“Өрттөн 12 чарчы метр жыгач сарай толугу менен күйгөн. Ошондой эле өрт Чутская көчөсүнүн №15А дарегиндеги барак тибиндеги турак үйдүн чатырына өткөн. Андан 6 чарчы метр чатыры жана Тешебаев көчөсүнүн №99А дарегиндеги турак үйдүн 18 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры кошо күйгөн”,-деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өрттүн келип чыккан себеби такталууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!