Уктап жаткан таякесин мууздап жиберген

22-Дек. 2017, Жума, 14:39

Жалал-Абад облусунда мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген жаран күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү Базар-Коргон районунун тургуну уктоочу бөлмөсүндө уктап жатканда өзүнүн жээни анын көкүрөгүнүн сол жагына бычак сайып, бөлмөдөн чыгып кеткен. Жээни бөлмөгө кайра кирип таякесин көкүрөгүнө жана моюнуна 4-5 жолу бычак сайып, мууздап салган.

Бул факты боюнча тергөө амалдары бүткөн соң, иш сотко жиберилип, Базар-Коргон райондук сотунун 26-октябрындагы өкүмү менен кылмышка шектүү жаран Кылмыш-жаза кодексинин “Мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөмөк.

“Жабырлануучунун өкүлү соттун өкүмүнө макул болбой, облустук сотко кайрылган. Бул ишти облустук сот карап жатканда жабырлануучунун өкүлү сотко арыз менен кайрылып, кароосуз кайтарып берүүнү суранган. Ошондуктан облустук соттун 13-декабрындагы аныктамасы менен даттануу кароосуз кайтарылды. Базар-Коргон райондук сотунун өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!