​Үйү менен кошо күйүп кетти

22-Дек. 2017, Жума, 15:17

Ысык-Ата районунда турак үйдөн өрт чыгып, батирдин ичинен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-декабрда саат 07:45те аталган райондогу Кировка айылында турак үйдөн өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө ӨКМнин куткаруучулары тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөр чыккан өрттү саат 07:50дө толук өчүргөн. Өрттүн натыйжасында батирдин ичинен адамдын сөөгү табылган.

Учурда маркумдун өзүгү такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!